2019 – жылдын 25 – октябрында Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” түрмөгүндөгү “Гуров жана өнөктөштөр – Борбордук Азия” PR агенттиги жөнүндө Раткан Асанова даярдаган берүү

Кыргызстандын Жарнама жана коомчулук менен байланыш тармагында билим алып жаткан студенттер Россиянын “Гуров жана өнөктөштөр” PR агенттигинен практикадан жана тажрыйбасын жогорулатуудан өтүшөт. Белгилей кетсек, аталган агенттик  22-октябрдан тарта Кыргызстанда ишмердүүлүгүн баштады.

Мурдагы Советтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанды тандап алгандарынын себебин алар, PR боюнча билим берген окуу жайлар бул өлкөдө көбүрөөк экени менен түшүндүрүштү. Ошондой эле, Кыргызстанда PR рыноктогу тейлөөнүн бир жылдык көлөмү 130 миллион сомду түзөрүн белгилешти.

Раткан Асанова Кыргызстанда 3 Жогорку окуу жайы PR боюнча адистерди даярдайт. Аталган адистик боюнча билим алган бүтүрүүчүлөр негизинен мамлекеттик түзүмдөрдөгү маалымат кызматтарында жана коммерциялык компаниялардын пиар-жарнама бөлүмдөрүндө иштешет. Ал эми “Гуров жана өнөктөштөр” PR агенттигинин Кыргызстандын рыногуна келиши бул тармактагы адистердин өнүгүшүнө жол ачарын  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Жарнама жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын жетекчиси Бегайым Максутова белгиледи. Анын айтымында, студенттердин тажрыйбасын өркүндөтүү багытында практикалык иштерди өтүшү үчүн аталган агенттик менен кызматташтык байланыштар жүргүзүлүүдө.

“Гуров жана өнөктөштөр” PR агенттиги 2003-жылдан бери Россиянын пиар рыногунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп, стратегиялык коммуникация, технологиялык пиар жана массалык маалымат каражаттары менен Россиянын бир нече ири шаарларында иш алып барып келет. Кыргызстанда 2019-жылдын 22-октябрынан баштап иштей баштады.

Көз карандысыз Шериктеш мамлекеттерине мүчө өлкөлөрүнүн ичинен аталган агенттикти Кыргызстанда ачуу үчүн эки жыл талдоо, иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн “Гуров жана өнөктөштөр” коммуникациялык топтун башкы директору Филипп Гуров билдирди. Иликтөөнүн негизинде Борбор Азия боюнча Кыргызстанда пиар рынок бир топ перспективдүү экендиги да байкалган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын пиар рыногунун тейлөөсүнүн бир жылдык көлөмү 130 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч коңшу мамлекеттерге караганда жогору. Эгерде мурдагы Советтик мамлекеттердин рыногунун өнүгүшүн карап көрсөк, 5-6 жылда рыноктун өсүү көрсөткүчү 1 млрд сомду түзөт.

Ошондой эле Кыргызстанда пиар боюнча билим берген Жогорку окуу жайларынын санынын көптүгү да агенттикти ачууга түрткү болгон. “Гуров жана өнөктөштөр-Борбор Азия” PR агенттигинин долбоорлор жетекчиси Айжан Кубанычбекованын айтымында, окуу жайлар менен аталган агенттиктин кызматташтык байланыштары аркылуу студенттердин билим деңгээлин практика жүзүндө жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда ачылып жаткан жаңы пиар агенттик эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен улуттук стандартты олуттуу көтөрүү багытын көздөйт жана ал коңшу мамлекеттер Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанга да кызмат көрсөтмөкчү.