Бишкекте реклама жана PR адистеринин фестивалы өттү

Бишкек шаарында реклама жана коомчулук менен байланыш кызматында иштегендердин “Жоогазын” деп аталган фестивалы болду. 8-9-апрель күндөрү Кыргыз улуттук университетинде уюштурулган иш-чара “Гуров жана өнөктөштөр – Борбор Азия” PR агенттигинин колдоосу менен өттү.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, Кыргызстанда, Казакстанда, Орусияда жарнамалоо жана коомчулук менен байланышуу багытында билим алып жаткан жаштар катышкан фестивалга аталган уюмдун негиздөөчүсү Филипп Гуров Москвадан чакырылып, тажрыйбасы менен бөлүштү.

“PR-коммуникациялар: тажрыйба жана тенденциялар”, “Санарип-байланыш жана жарнама” темасында мыкты баяндама жасаган студенттерге баалуу белектер, дипломдор тапшырылды. Фестивалдын алкагында социалдык жарнама боюнча сынак да болду.

PR агенттиктин директору Кайрат Телеушев “Гуров жана өнөктөштөр” кыргыз рыногуна киргенден бери университеттер менен тыгыз кызматташып келатканын билдирди.

“Республикалык ири PR агенттиги катары биз тармактын өнүгүшү үчүн жоопкерчиликти сезебиз. Бүгүнкү күндө көз алдыбызда Кыргызстанда өлкөнүн өзгөчөлүктөрү менен айкалышкан Коомчулук менен байланышуу мектеби калыптанууда. Бул жерде PR индустриясынын келечеги чоң экенине ишенебиз!»,- деди Телеушев.

«Гуров жана өнөктөштөр — Борбор Азия» PR агенттиги — Орусиянын, Батыш Европанын жана АКШнын тажрыйбасын колдонуп иштейт. Уюм «Гуров жана өнөктөштөр» байланыш тобунун курамына кирет жана Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда PR кызматтарын көрсөтөт.