Кыргызстандагы «Гуров жана өнөктөштөр — Борбор Азия» PR агенттиги «Санариптик байланыш» багытында RuPoR сыйлыгынын баш байгесин утуп алды. Ошондой эле компания «Байланыш жаатындагы билим берүү долбоорлору» номинациясы боюнча үчүнчү орунга татыктуу болду.
Лауреаттар 23-январда Орусиянын Воронеж шаарында сыйланды.
Сыйлык жыл сайын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, командаларга, коомчулук менен байланышты өнүктүрүү жаатындагы адистерге ачык сынактын жыйынтыгы боюнча берилип келет.
Жалпысынан 2020-жылы сыйлыкка 80 долбоор жиберилген. Финалга 52 долбоор чыккан.
«Гуров жана өнөктөштөр — Борбор Азия» PR агенттигинин башкы директору Кайрат Телеушевдун айтымында, уюм Орусиянын, Батыш Европанын жана АКШнын тажрыйбасын колдонуп иштейт.
